Төшөктө алсыз эркектер вирустук илдеттерге бат чалдыгаарын иликтөө көрсөттү

Тестостерон гормону нормадан аз эркектер вирустук илдеттерди бат жуктуруп алат жана кесепети дагы оор болушу мүмкүн. Бул тууралуу Гамбург-Эппендорф клиникасынын (Германия) дарыгерлерине шилтеме берип Daily Mail баасылмасы жазды.

Адистер аталган ооруканага коронавирус жугузуп алып түшкөн 45 кишинин тестостеронун текшерип көрүшкөн. Жыйынтыгында вирусту тогуз адам жеңе албай, көз жумган. Иликтөөлөр булардын тестостерону төмөн болгонун көрсөткөн.

“Бул гормон иммунитетке вируска каршы күрөшүүдө жакшы жардам берет. Эркектерде ал аз болсо иммунитеттин илдетке алы жетпей, башаламан иштей баштайт. Бул учурда иммунитет вирусту өлтүрүүгө аракет кылып жатып, организмдин өзүнө терс таасирин тийгизип коюшу мүмкүн. Жыйынтыгы өлүмгө алып келген учурлар бар”, – деди аталган клиниканын профессору Гюльсах Габриэль.

Андыктан дарыгерлер эркектерге иммунитет менен бирге тестостерон гормонуна дагы көңүл буруп турууга чакырат.

Адистердин айтымында, тестостерондун эркектин ден соолугу үчүн мааниси чоң. Эгер ал жетиштүү болсо энергиясы ашып-ташып, кандай иш баштабасын майын чыгара жасашына шарт түзөт. Тестостерондун жардамы менен эркекке сакал-мурут өсөт, булчуң эт толот, кандын курамы жакшырат. Эң негизгиси – эркектин бел суусунун иштелип чыгышына, тагыраагы, тукум улоосуна шарт түзүлөт.

Булак: Спутник сайты