-Алмазбек Кыдырмаевич, дегеле Кыргызстан мамлекет болгону мындай абал, тагыраагы дээрлик жалпы өлкө боюнча пандемияга карата карантин жана андан улам комендатура түзүү алгач ирет болуп жатса керек. Андыктан мурда кийин жасалып көрбөгөн бул кадам өз максатын кандай аткара алды?
— Ооба, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу коронавирус коркунучун башыбыздан өткөрүп жатабыз. Эпидемия, пандемия жана карантин деген эмне экендигин билчү эмеспиз. Мындай шартта алгачкы жолу комендатура түзүлдү. Жарандардын ден соолугу үчүн тез арада, кээде дароо чечим кабыл алынышы керек болчу. Андыктан өзгөчө кырдаал учурунда күнү-түнү иштедик. Жарандардын колдоосу коронавируска каршы күрөшкөн укук коргоо органдарынын жана социалдык органдардын ишине чоң жардам берди. Биздин тургундар 25-марттан тартып ушул күнгө чейин өздөрүн Кыргызстандын чыныгы жараны экендигин көрсөтүштү. Өзгөчө абал режиминин талаптарын аткарып, оор кырдаалга туруштук бере алышты.
Борбор шаарыбыздын тургундарынын бизге урмат-сый жана түшүнүү менен мамиле жасагандыктары үчүн ыраазычылык билдирем. Сиздер — шаардын баатырысыздар, бул биздин калаа, өлкөнүн борбору. Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакубат жашоо жана бейпилдик каалайбыз. Биз бул вирусту сөзсүз жеңебиз.
-Өзгөчө абал учурунда бирден бир маанилүү болгон өткөрмө кагаздары жаатында ар кыл пикирлер социалдык тармактар аркылуу коомчулукту козутуп жатты. Дегеле өткөрмө кагаздарды алуу үчүн канча кайрылуу келип түшүп, канчасы канааттандырылды?
-Бишкек шаарынын комендатурасына Өзгөчө абал убагында өткөрмө кагаздарын алуу үчүн 52 131 билдирме келип түшкөн. Алардын ичинен 7028 адам уруксат алды.
Ырас, өткөрмө жаатында башында кагаз жүзүндө уруксат берилип жаткан. Бирок, аны алыш үчүн узун кезектерден улам 2-апрелден тартып жолдо жүрүүгө кагаз жүзүндө уруксат берүү токтотулуп, электрондук түрдө гана уруксат берүүгө өткөнбүз. Бул кадам түйшүктү бир топ жеңилдетти жана карантиндин талаптарына да шайкеш келди десем болот.
«Өткөрмө кагаздары сатылууда, айрымдарга жөн эле берилип жатат»-дегендерди биз деле өз учурунда угуп жаттык. Бирок, мындай абалды тез эле тизгиндеп, аз убакыттын ичинде тартипке сала алдык. Мыйзам бузууга жол бергендердин үстүнөн кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жатты. Өз учурунда Бишкек шаарынын комендатурасы бардык жарандарды, тиешелүү тармак өкүлдөрүн, күч кызматкерлерин мыйзамды бузбоого чакырып жатты. Натыйжада биз коомчулукта, соцтармактарда айтылып кеткен мүчүлүштүктөрдү жоюу жана өз ичибизден тазалануу менен тартипти орното алдык.
Маселен, азык-түлүк жана коомдук тамактануу чөйрөсүндө иштеген ишкерлерге 2700, ал эми медициналык кызматтарды көрсөткөн жана дары-дармектер менен камсыздаган фирмаларга 700дөн ашык өткөрмө кагаз берилди. Мынча сандагы документтин берилиши борбор шаарыбыздын өзгөчө абал учурундагы муктаждыктарын жоюп турууга жетиштүүдөн да көп десек болот. Факт катары айтсам, Бишкекте «Акун» жана «Бишкек ун комбинаты» ишканалары 2-апрелден баштап аргасыз жабылып жатканын кабарлашып, мындай кадамдарын ишканалар өзгөчө абалдан улам кызматкерлери жумушка келе албай жатканы менен түшүндүрүүгө аракет кылышты. Биз өз учурунда реакция жасап, аталган ишканалардын жумушчулары ишке келе албай жатканы боюнча маалымат чындыкка дал келбестигин тастыктап, Компаниянын жетекчилеринен өзүнүн кызматкерлерине жоопкерчиликтүү болууну, түшүндүрүүнү сурандык. Анткени, шаарыбыздын тургундары үчүн зарыл жана муктаж тармактарга биздин кызматтар дайым ар бирине ачык болду.
Ошол эле соцтармактагы «Фейсбуктагы» өздүк баракчамда коомчулукка маселелерди конструктивдүү чечүүгө чакырып, Бишкек комендатурасынын 1312, 0770 89 55 56 (WhatsApp) деген телефон номурларын калтырдым. Бул айкындуулуктун белгиси деп ачык айта алам.
-Кырдаал алкагында кылмыштуулук жааты кандай болду? Кылмыштуулуктун кайсы түрлөрү басымдуулук кылды? Дегеле өзүн-өзү изоляцияга алуу режиминде өзгөчө кылмыштар да катталдыбы?
— Өзгөчө абал киргизилгенден баштап 25-марттан бүгүнкү күнгө чейин коомдук жайларда кылмыштуулук салыштырмалуу айтканда 50 пайызга төмөндөдү десем болот. Бул мыйзамга баш ийген жарандар өзүн-өзү изоляцияга алуу режиминде болгондугуна байланыштуу болду өңдөнөт. Эсеби маселен, биз коомдук жайларда дээрлик кылмыштарды каттаган жокпуз.
Ошол эле маалда кырдаалдан пайдалангысы келгендер да болбой койгон жок. Алсак, гуманитардык фонддордун атын жамынып, гумжардам көрсөтүүдө алдамчылык учурлары катталды.
2020-жылдын 25-мартынан баштап 10-майына чейин Бишкек шаарынын аймагында катталган кылмыштар жана жоруктар тууралу маалымат бере турган болсом жалпы саны 2570 фактыны түздү. Анын ичинен КИ багыты боюнча 608, киши өлтүрүү 2, денеге атайын оор залал келтирүү 3, зордуктоо 7, тоноо 19, уурдоо 346, анын ичинен батирден уурдоо 38, чөнтөктөн уурдоо 18, алдамчылык 224, автоунааны айдап качуу (Угон АМТС) 7, баңги кылмыштары 9, ДЖА (БВП) 53, табылган өлүктөр 7, ар кандай жоруктар жана окуялар1554 болду. Ошондой эле шаарыбыздын аймагында 24-марттан 10-майга чейин же өзгөчө абал учурунда 86 жол кырсыгы катталган, бул 2019- жылдын ушул эле убагына салыштырмалуу- 72,0% га төмөн, каза болгондордун саны 1, бул – 83.3% га төмөн жана жаракат алгандардын саны 116 киши, бул — 68.9% га төмөн. Жаш балдар катышкан жол кырсыктарынын саны 6, бул – 91,3% га төмөн болду.
Тилекке каршы, Кыргызстанда карантин учурунда үйдөгү зордук-зомбулуктун учурлары 61,7%га өстү. Тагыраагы 24-марттан 10-майга чейин 339 факт катталды. Албетте, бул өтө өкүнүчтүү.
-Социалдык тармактарда дүйнө шаарларын тизмектеген Кайрат аттуу адам тууралуу маалымат жайылып, ага жолуктуңуз. Азыр анын абалынан кабардарсызбы?
-Ооба, соцтармактардагы видеодо дүйнө шаарларын, жер-сууларын саймедиреп, билим деңгээли менен элди таңдандырган адамды издеп таап, жолуктум. Күнүмдүк турмушка зарыл азык-түлүктөр менен зарыл каражаттардан белек даярдай бардык. Ысымы Кайрат экен. Кайрат мырзанын ачык көңүлдүүлүгүнө жана мээримдүүлүгүнө баа бердим. Себеби берилген азык-түлүктөрдү биринчи ирет жакындарына алып барып жана муктаж болгондор менен бөлүшөөрүн айтты. Жолугушууда негизги өтүнүчү катары өздүгүн тастыктоочу документтерин жоготуп алгандыгын айтты. Биз Кайраттын өздүгүн тастыктоочу документтерин алууга жардам берүүдөбүз. Жолугушуудан соң кызматкерлерим тарабынан өзү сураган жерине жеткирилди. Мен бул адам менен кандайдыр бир пиар же жеке кызыкчылык үчүн жолукпадым. Болгону ушул оор күндөрдө бири-бирибизге жардам көрсөтүп туралы деген максат менен бул кадамга бардым.
-Бул кырдаал коомчулукка, элибизге кандай таасирлерди бере алды деп ойлойсуз?
-Өзгөчө абал мезгили элибизге өтө чоң турмуштук сабак боло алды. Коомчулук агрессивдүү маанайдан арылып, сабырдуулук эмне экенин аңдоо менен жашоого болгон көз караш дээрлик өзгөрдү. Эң жөнөкөй мисал, бири-бирибизди өзгөчө баалап калдык, жакындарыбызга, туугандарыбызга мамилебиз жакшы жакка өзгөрдү. Эл арасында кайрымдуулар көбөйдү, берешендик, марттык, боорукерлик сапаттар адамдарда кайрадан жанданды. Медицина, укук коргоо, социалдык тармактарда иштеген кызматкерлерге сый жогорулады. Ал эми үйүндө отургандар башка иштеп жаткан кызматкерлер сыяктуу эле оорунун жайылышына каршы өз салымдарын кошуп жатышты.
Маектешкен Кубаныч Зайнидинов