Кылмыш-кырсык
Чаткал районунда жолго таш кулады (сүрөт)
Күн мурун, 17-майда болжол менен саат 16:30да Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районундагы Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 21-чакырымында 1800 метр куб таш кулаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жерине эки атайын унаа тартылып, кечки саат 21:00дө жол кулаган таштан тазаланып, толук ачылган