Владимир Путин анын мамлекети дүйнөдөгү бир да мамлекетте жок куралга ээлик кыларын билдирди. Бул тууралуу ал «Россия-1» телеканалындагы «Москва. Кремль. Путин» деген көрсөтүүдө билдирди.

«Бул такыр жетишип болбой турган иш эле. Бирок биз аны ишке ашырдык. Мындай ийгилик бекем пайдабулы жок илим болбосо, илимий мектептер болбосо жана инженер адистер болбосо, ишке ашмак эмес», — деген Путин.

Ал эми «Коммерсант» гезитинин жазганына караганда, Путин АКШнын президенти Дональд Трамп менен куралдарды көзөмөлдөө жаатында телефондо сүйлөшүп, Трамп Путинди курал жагынан таймашууга жол бербөөгө чакырган.

Белгилүү болгондой, Россия курал иштеп чыгаруу жагынан дүйнөдө АКШдан кийинки экинчи орунда турат.