Түп районунун Талды-Суу айылынын тургуну 1985-жылы туулган жаран үй карантининин эрежелерин бузгандыгы үчүн облустук бириккен ооруканасынын обсервациясына алынды. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Аталган жаран COVID-19 илдети аныкталган чет мамлекеттен келген жүк ташуучу унаанын айдоочусу менен контактта болуп 7-майда үй карантинине жиберилген, бирок майдын 17 жана 18 де үй карантининин эрежелерин бузгандыгы аныкталган.

Учурда облус боюнча 1 миң 803 адам үй шартындагы карантинде жана 141 адам обсервацияда.