Без рубрики
Чүй облусу боюнча жалпысынан обсервацияга 300 адам жаткырылды
«Чүй облусу боюнча жалпысынан обсервацияга 300 адам жаткырылды”, — деп билдирди КР Өкмөттүн Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев.
Алсак, Ысык-Ата райондук аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө 5 адам;
- Ивановка ооруканасында 39 адам;
- Ысык-Ата району Кант шаары “Ручеек” бала бакчасында 18 адам;
- Ивановка айылындагы медреседе 35 адам;
- Панфилов райондук (ЦОВП) жалпы медициналык практика борборунда 17 адам;
- Аламүдүн районунун Беш-Күӊгөй айылындагы аскер госпиталында 85 адам;
- Аламүдүн районунун №73809 Ала-Тоо аскер-окуу борборунда – 101 адам.