Бишкек шаарында коронавирус жуктургандардын көпчүлүгү Ленин районунда катталган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.

Анын айтымында борбордогу лабораториялык анализдерден 316 адам аныкталган, алардын 256сы Бишкек шаарында жашайт, 60 адам борбордун четинде жашашат.

“Бишкек шаарынданы Ленин районунда коронавирус инфекциясын жуктуруп алган  99 адам катталган. Октябрь районунда –  69, Биринчи Май районунда  – 51, Свердлов районунда – 37.

Ал  эми коронавирус жуктурган  75 адам борбордогу 19 калктуу конуштарда жашашат. Алар: Арча-Бешикте  – 24, Ак-Босогодо – 12, Көлмө – 9, Көк-Жар жана Ак-Өргөө конуштарында – 6дан  адам катталган.

Татьяна Кузнецованын айтымында жалпы жуктургандардын ичинде 84 медкызматкер жана 41  милиция кызматкери бар.