Бүгүнкү брифинг учурунда биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов буга чейин 21-майдан баштап ишке кирет деген тармактар дагы эки этапка бөлүнгөнүн билдирди.
Анын айтымында, алгачкы тизмеге кирбей калгандар ишмердүүлүгүн 25-майда жандандырат.
21-майдан тарта:
- бардык тармактар боюнча калкты тейлөө борборлору;
- автоунааларды каттоо борборлору;
- тиричилик буюмдарын оңдоо (бут кийим, саат оңдоо сыяктуу);
- эмерек чогултуу жана оңдоо;
- соода борборлору (андагы балдар ойноочу, тамактануу жана көңүл ачуу жайлары иштебей турат);
- азык-түлүккө кирбеген товарларды сатуучу түйүндөр;
- автоунаа базарлары;
- мал базарлары;
- менчик, чакан мончолор, СПА-борборлор;
- мейманканалардын ишмердүүлүгү (бассейн жана спорт залдары иштебейт).