Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Нурсултан Кубановдун үйү тонолду. Бул тууралуу Кубанов өзү социалдык тармактардагы баракчасына жазып чыккан. Анын айтымында, окуя 19-майга караган түнү болгон. Жабырлануучулар уктап жатканда, белгисиз адамдар кирип, техникаларды жана акча уурдап кетишкен. Бул жагдай боюнча Кубанов милицияга кайрылганын айткан.