«Кесир» деген кыргызда бир сөз барын,

Билесиңер, ал сөздү түгөл баарың.

Нандын майда күкүмүн түшүрбөгөн,

Төкчү эле кыргызым, качан агын?

Ысырапка жол берип келишпеген,

Арамга адал малын да, эмизбеген.

Эшек өлсө, жаш калган такыйын да,

Эч убакта, уйга түртүп телишпеген.

Ак караны айырып бөлө билген,

Жаман, жакшы иштерге көнө билген.

Пейил менен кабагы айкалышып,

Дос тууганга мээримин төгө билген.

Бөксөлүктү чогулуп толтурушкан,

Акыл калчап ар ишти болтурушкан.

Жетим, жесир, жалгыз бой бүлө болсо,

Боор тартып, баарылап кол сунушкан.

Суук көздөн сактаган уул-кыздарын,

Көтөрмөлөп турушкан мыкты уздарын.

Тийгизбеген карысына, балдарына,

Турмуш менен жашоонун кыш ызгаарын.

Ыйык тутуп, нарктуулугун сактап келген,

Даңкын айтып, кыйындарын мактап келген.

Ата-тегин, тараган жети атасын,

Уулдарына билгизип, тактап келген.

Аксакалдар чогулуп кеп курушкан,

«Арам ишке аралашпа» деп турушкан.

Калкын сактап азамат баатырлары,

Билегинен урабас чеп курушкан.

Өлгөндүн да зыйнатын кыла билген,

Өзгөнүн да, пикирин уга билген.

Кагылайын кыргызым, кыраан элең,

Ар нерсени, алдын ала туя билген.

Жаман жолго улуусу баштабаган,

Оор күндө туягын таштабаган.

Эркектери намыскөй болчу эле,

Ургаачыдай, көздөрүн жаштабаган…

Кыз сыйлаган кыргызымдын жигиттери,

Бөлөк эле, бир кезде жигит деми.

Өз жазасын алчу эле бийлеринен,

Бузук салып, эл ортосун ириткени.

Айта берсе түгөнгүс каада салтың,

Жоготпосок экенбиз, ата наркын.

Өчүп калбай изибиз бар бололу,

Айланайын акылман кыргыз калкым.

Акын Күлбүбү Байбугуева