Коом

“Шумкар» полкунун кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоодо

ИИМдин “Шумкар” атайын багыттыгы полкунун кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоодо алгылыктуу иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин “Шумкар” АБПнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын аймагында жаралган эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, жарандардын өмүрүн, саламаттыгын сактоо, алардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоодо Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” атайын багыттыгы полкунун кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.

Ошондой эле, коронавирус илдетин алдын алуу боюнча ар тараптуу чаралар көрүлүүдө. Ал эми, ИИМдин “Шумкар” атайын багыттыгы полкунун кызматкерлерине нускамалар өткөрүлүп, кызматкерлер фельдшерлердин текшерүүсүнөн өтүп, коргоонучу каражаттар менен камсыздалып, алдына коюлган жоопкерчиликтүү кызматтык милдеттерин аткарууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button