Африканын Габон өлкөсүнүн Франсвилл эл аралык медициналык изилдөө борборунун адистери тарабынан жарганаттардан вирустун жети жаңы түрү аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдашууда.

Белгилүү болгондой, изилдөөчүлөр өлкө боюнча үңкүрлөрдө жашаган миңден ашык жарганаттарды сыноодон өткөрүп, алардын 18инде коронавирустун жаңы 7 түрү бар экендигин аныкташкан. Жаңы аныкталган вирус жарганаттан адамга жугабы азырынча белгисиз.

Маалым болгондой, окумуштуулар вирус дүйнө элине жайыла баштаган маалда, ал Ухан шаарындагы базарлардын биринде жарганаттан адамга жугуп, анан тараганын айтышкан. Жарганаттар күчтүү иммунитетке ээ болгондуктан, адамга коркунуч туудурган 50гө жакын ар кандай вирустарды алып жүрүшү мүмкүн.