«2020-жылдын 21-майынан баштап экономикалык ишмердүүлүктүн бир катар багыттарын жандантуу ишкерлерден да, жарандык коомдон да социалдык жоопкерчиликти талап кылат», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында.

Ал белгилегендей, тармактык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары туруктуу негизде текшерүүлөрдү жүргүзүп, бардык санитардык эрежелерди аткарууну күчөтүлгөн көзөмөлгө алууга тийиш.

«Беткап тагынуу, аралыкты сактоо, санитайзерлерди орнотуу жана башка санитардык-эпидемиологиялык эрежелер коомдук жайларда бекем сакталышы керек. 21-майдан тартып экономикалык ишмердүүлүктүн бир катар түрлөрүнүн ишин жандантуу, андан соң коомдук унаалардын иштеп баштоосу белгилүү бир күмөн саноолорду жаратууда. Эң башкысы – ар бир жарандан санитардык ченемдерди катуу сактоо талап кылынат. Мындан өлкөдөгү мындан аркы эпидемиологиялык абал көз каранды. Санитардык эрежелер аткарылбаган шартта буга чейин көрүлгөн бардык чаралар жана жумшалган күч-аракеттер текке кетип, жетишкен жыйынтыктар жокко чыгат. Ошондуктан ар бир  жооптуу адам санитардык талаптардын аткарылышын катуу көзөмөлдөөсү керек. Биринчи кезекте, кеп коомдук унаалар, соода борборлору жана коомдук тамактануу жайлары тууралуу болуп жатат», — деди Кубатбек Боронов.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова белгилегендей, айрым май куюучу жайларда санитардык нормалар сакталган жок, айрыкча айдоочуларга автоунааларын өз алдынча май куюуга уруксат берилүүдө, бул белгиленген санитардык нормаларга каршы келет.

Жыйындын жүрүшүндө штабдын мүчөлөрү Нарын облусундагы эпидемиологиялык абалды талкуулашты. Мындан тышкары обсервациялык жайлардын даярдыгы жана аларды кароо боюнча жүргүзгөн иштер боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин дарегине сын айтылды. 

Республикалык штаб жаңы обсервация үчүн орундарды даярдоо жана мындай жайлардагы тиешелүү көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле башка өлкөлөрдөн келип, үй карантинине алынгандар талаптарды катуу сактоосуна өзгөчө көңүл буруу боюнча тапшырмалар берилди.