Ош шаарынын мэриясында 21-майдан тарта иштөөгө уруксат бериле турган тармактардын иштөө тартиби боюнча жыйын өтүүдө. Жыйынга Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев жана тиешелүү жетекчилер катышууда.
21-майдан баштап ишмердүүлүгүн жанданта турган тармактардын тизмеси:
Калкты тейлөө борборлору, паспорттоштуруу жана ЖААК бөлүмдөрү, “Унаа” Мамлекеттик мекемеси;
Калкты тиричиликтик жактан тейлөө борлорлору: бут кийим, саат оӊдоо, эмерек чогултуу жана оӊдоо;
Соода-сатык чөйрөсү:
Соода борборлору, соода-оюн-зоок борборлорунда жайгашкан балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын, коомдук тамактануу (фуд-корт) түйүндөрүнүн ишмердүүлүгүн кошпогондо;
Азык-түлүк эмес товарларды сатуу дүкөндөр жана пункттар (мурунку баскычтарга кирбеген түрлөр);
Автоунаа базарлары;
Менчик (жеке) репетиторлордун кызмат көрсөтүүлөрү;
Менчик үй-бүлөлүк мончолордун жана СПА-борборлордун кызмат көрсөтүүлөрү, коомдук мончолорду жана сауналарды кошпогондо;
Мейманканалардын ишмердүүлүгү, бассейндерди жана спортзалдарды кошпогондо;