Коом

Бокс легендасы Мухаммед Али тууралуу кызыктуу фактылар

1. Төрөлгөндө ага  XIX кылымда атасынан калган 40 кулду азаттыкка чыгарган ак денелүү Кассиус Клей (CassiusClay) деген фермердин атын беришкен.

2. Мухаммед Али — дүйнө тарыхындагы атагы таш жарган афроамерикалык жарандардын эң көрүнүктүүсү саналат. Чоң атасы Эйд Грэйди 1860-жылдары АКШ көчүп келип, башы азат болгон күңгө үйлөнүп Кентуккиде жашап калган жана теги ирландиялык эле.

3. Али 12 жашынан тартып бокс менен машыга баштаган жана спорттун бул түрүн тандап алуусуна кимдир бирөөлөрдүн жакшы көргөн велосипедин уурдап кеткендиги себеп болгон.


4. Бокс сүйүүчүлөрүнүн арасында өткөн 108 беттешүүнүн ичинен Али 100 беттешти утуп алган, ошондой эле 1960-жылы Римде өткөн Олимпияда оюндарында Дүйнө чемпиону деген наамга татыган.


5. Өз өмүр баяны тууралуу жазган китебинде Мухаммед Али Олимпиададан тагынып келген медалын Америкадагы расалык теңсиздикте карата болгон нааразачылыгын билдирүү үчүн Огайо дарыясына ыргытып жибергендиги тууралуу эскерген. 1996-жылы Эл аралык олимпиадалык комитет ага жоголгон алтын медалды көчүрмөсүн кайра тапшырууга аргасыз болгон.

6. Мухаммед Али атаандашынызаланта турчу сөздөрдү айтканды жакшы көрчү. Ал тургай ал өзүн даңазалап, атаандашын ызалантуучу ырларды дагы жаза коймой адаты бар эле.  21 жаш курагында Али өзү жазган ырларын музыканын коштоосунда көркөм окуган. Ал гана эмес 1963-жылы анын «Мен эң кыйын адаммын» («I Am the Greatest») деген аталышта анын аудиоальбому жарык көргөн.


7. 1964-жылы ал өтө оор салмак боюнча дүйнө чемпиондугу үчүн болгон болгон мелдеште Сонни Листонду жеңип алгандан кийин, “Ислам калкы” деген уюмдун мүчөсү болгондугу тууралуу маалыматты тастыктаган. Афроамерикалык диний лидер Малькольм Икстин айткандарына таасирленген ал алгач өз атын Кассиус ИКС деген атка, андан соң Мухаммед Али деген ысымга алмаштырган.


8. Мухаммед Али АКШнын армиясына кызмат кылуудан жана Вьетнамдагы согушка катышуудан баш тартып, бир дагы вьетнам ага жамандык кылбаганын жана аны негр деп атабагандыгын айткан.


9. Армияга баруудан баш тарткандыгы үчүн 5 жылга эркинен ажыратылган, бирок, апелляциядан кийин акталып кеткен. Соттун чечими менен дүйнө чемпиону деген наамы жокко чыгарылып, 3 жылга чейин рингге чыгууга тыюу салынган.


10.  В 1971-жылы Мухаммед Али  Джо Фрейзер (Joe Frazier) менен беттешкен. Бул беттеш тарыхта «Кылым ичиндеги эл күткөн мушташ» деген ат менен тарыхка калган. Белгилей кетчү нерсе, бул беттештен кийин мушкерлердин ар бири 2,5 миллион доллардан гонорар алган. Мэдисон-Сквер-Гарденде болуп өткөн бул беттеште Али Фрейзерге утулуп калган. Бул Мухаммеддин профессионалдык беттештеги эң алгачкы жеңилүү ызаазы болчу.


11. Мухаммед Али буга  чейин Фрейзер менен эки ирет беттешип, экөөндө тең утушка ээ болгон. Бул эки беттештин бирин журналисттер «Маниладагы триллер» («Thrilla in Manila”) деп аташкан жана ал бокс тарыхындагы эң мыкты беттеш болуп саналат.


12. 1996-жылдын 19-июлунда Паркинсон оорусунун кесепетинен улам кыйынчылык менен сүйлөп калган Мухаммед Али Атлантадагы Жайкы Олимпиядалык оюндарда олимпиялык отту жаккан. «Sports Illustrated» журналы муну спорт тарыхындагы эң бир эмоицоналдуу көрүнүш деп жазып чыккан.


13. 1990-жылдын февраль айында Мухаммед Али «спортчулардын таңкы тамагы» деген кутучага сүрөтү чагылдырылган эң алгачкы боксёр болуп калган.

14. Балким буга ишенүүгө кыйын болор, бирок Мухаммед Али таштардын жардамы менен ылдамдыкка машыккан. Башкача айтканда, ал өзүн көздөй таш ыргытырып, күч менен ыргытылган ар бир таштан буйтаган.


15. Дээрлик 50 жыл өткөндөн кийин Мухаммед Алинин Листонго каршы беттеште кийип чыккан  мээлейи, беттеште табылган суммадан ашык өлчөмдө акча алып келген. Башкача айтканда, белгисиз бир сатып алуучу мушкердин чемпиондук наам үчүн кийип чыккан мээлейин 836 000 миң долларга сатып алган. Кызыгы, аталган мелдеште Али 630 000 доллар иштеп тапкан.


16. 1990-жылдын 27-ноябрында Мухаммед Али Иракта барымтада жаткан америкалык аскерлерди бошотуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Багдад шаарында Саддам Хусейн менен жолугушкан. Бул жолугушуудан кийин Али Американы көздөй барымтада жаткан 15 америкалык аскер менен артка кайтып, бүткүл дүйнөлүк сый-урматка ээ болгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button