Ошто 65 жаштагы киши 5 жашар кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн деп шектелүүдө. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 17-май күнү Ош шаарындагы унаа жуучу жайда болгон. Анда милиция кызматкерлерине 29 жаштагы аял арыз менен кайрылган.

Арызда 2015-жылы туулган кызын 65 жаштагы жаран сексуалдык ыдык көрсөткөнүн айтып арызданган. Ал эми бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

“Кызга карата соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Ал эми шектелип жаткан жаран суракка алынып, экспертизанын жыйынтыгы чыккычакты коё берилди”,-деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.org