Орусиянын президенти Владимир Путин UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовго атасы Абдулманап Нурмагомедовдун дарылануусу мыкты деңгээлде жүргүзүлөрүн убада кылды. Бул тууралуу мушкердин менеджери Али Абдель-Азиз жергиликтүү басылмаларга билдирген. «Хабибдин атасы жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылгандыгын тастыктайм. Хабиб Владимир Путин менен байланышты. Өз кезегинде президент Абдулманап Нурмагомедовдун тийиштүү жана мыкты деңгээлде дарылана тургандыгын убада кылды», — деген мушкердин менеджери. Маалым болгондой, кечээ, 19-майда Хабиб Нурмагомедов атасынын абалы өтө оор болуп жаткандыгын социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу видео кайрылууда айткан. Эске салсак, Абдулманап Нурмагомбетов инсульт алып эсин жоготкон, кийинчерээк андан таажы вирусу аныкталган.