Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун курулуш долбоору өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүнө алынган, деп билдирди транспорт жана коммуникациялар министри Жанат Бейшенов бүгүн, 20-майда парламенттин жалпы жыйынында.

Анын айтымында, учурда курулуш боюнча иштер жүрүп жатат жана быйыл асфальт төшөө жумуштарын аягына чыгаруу пландалууда.

Ушул тапта Кытайдан 35 инженер келе албай жатат. Азыр аларды алып келгенге аракет кылып жатабыз. Эмки жылга жол белгилери, жол түзмөктөрүн орнотуу иштери калтырылат. Сапаты боюнча көп жылга жете тургандай кепилдик берилип жатат”, — деди министр.