smart

Учурда Нарында кымыз сезону башталып, көп адам кымыз менен дарыланууга бел байлап жатышат. Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылынын тургуну Назгүл Ишенбай кызы үй-бүлөсү менен чогуу 4 жылдан бери кымыз сатып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Ата-энем Ат-Башы районунда жашайт. Мен Эмгекчил айылына келин болгом. 4 жылдан бери сезон сайын Нарын шаарындагы автобекетке чыгып, кымыз сатабыз. Кырдаалга байланыштуу быйылкы сезон кечирээк башталды. Чыкканыбызга 5 күн болду. Жылдагыга салыштырмалуу жай. Азыр элдин төлү жакшы. Кымыз көп болуп, соодагерлер жакшы келип жатат. Үркөр чыкканча кымыз ичип, дарыланып, иммунитетти көтөрүү керек. Ушул жактан эле көп муктаждыктарыбызды чечип алабыз. Андан тышкары өзүбүз дагы дарыланабыз. Кыздарым дайыма кымыз ичишет. Кышында такыр сасык тумоо болуп оорушпайт. Иммунитеттерин жакшы көтөрүшөт. Кыздарымдын бою узун, кабыл алуусу да жакшы», — деди ал.

Каарманыбыз кымыздын литрин башында 150 сомдон сатканын айтты.

«Санитардык нормаларды жакшы сактап жатабыз. Антисептикалык каражат коюп койгонбуз. Бир жолу колдонуучу стакан колдонуп жатабыз. Өзүбүз бет кап тагынып, кол кап кийебиз.

Азыр кымызды ышталган челекке куюп жатабыз. Башында баасы 150 сомдон башталган. Азыр 120 сомдон сатып жатабыз. Ушинтип отуруп 50-60 сомго түшүп калат.

Нарын шаарындагы Жаңы-Жол аймагынан чыга бергенде эле сарайда чоң кайнатам 1 желе жылкы байлап жатат. Өзүбүз дагы барып саап, ошол жактан сүттү жылуулай ичип турабыз. Кыйынчылыгы көп. Муздакта 5 маал саалат. Жаныңда сөзсүз 1 адам болуш керек. Айтор 2-3 адамдын колун кармайт.

Кардарларыбыз кудайга шүгүр. Ар бирибиздин өзүбүздүн туруктуу кардарларыбыз бар. Бир гана Нарын эмес, башка облустардан дагы буйрутмалар көп түшөт», — деди ал.

Булак: Турмуш