Учурдагы кырдаалды эске алып жана ыксыз ашыкча чыгымдарды кыскартуу максатында Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагында жакшы жөрөлгө башталып олтурат. Айта кетсек, аталган айыл аймактын тургуну, баатыр эне Матаева Айша эжебиздин демилгеси менен күйөөсүнүн жылдыгын өткөрүүнүн ордуна Эрдик айылынын 4,5 км жолун сүрдүрүп, шагыл төгүп, оңдоп беришкен.

Башка жарандарга да үлгү болуучу бул демилгени Айша апа көтөргөнү менен куру намыска алдырышпай, соопчулук иштерди баштаган маркумдун балдарынын демилгесин алкагандар болууда.

Эскерте кетсек, Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев ЭлТР каналы аркылуу брифинг учурда тургундарга: «ыксыз чыгымдардан качып, аны ден соолугуңузду бекемдөөгө, балдарыңыздын келечегине сарптаныздар» деп кайрылып, карантиндик талаптарды бузбоого чакырган.