Италиянын тургуну 100 еврого лотереялык билет сатыпалып Пабло Пикассонун «Натюрморт» деп аталган жана баасы 1 млн. евро турган сүрөтүн утуп алды. Бул тууралуу La Repubblica гезити билдирген.

Сүрөт Christie’s аукциондук үйүнүн франциялык кеңсеси тарабынан  уютурулган«Пикассо — €100» акциянын негизинде ойнотулган.  Акциянын алдына койгон максаты бул кайрымдуулук уюмдары үчүн каражат чогултуу болуп саналат. Өткөрүлгөн акциялардын натыйжасында CARE бейөкмөт уюмунун пайдасы үчүн 5 млн. евро чогултууга мүмкүн богон. Бул каражат Африканын тургундарын суу менен камсыздоого жана билим берүүгө жумшалмакчы.