Кытай учурда Америка менен согуштук мамиледе турат. Буга чейин эки державанын ортосунда соода атаандаштыгы боюнча тымызын тирешүүлөр болуп келсе, пандемиядан кийин абал кескин курчуган. Буга АКШнын коронавирус илдетин атайылап тараткан деген Кытайга кине коюусу себеп болгон.

Кытай 2049-жылга чейин дүйнө жүзүнө экомомикалык үстөмдүк орнотууну көздөөдө. Башкача айткада, ал АКШнын буга чейинки үстөмдүгүн жокко чыгарып, башка өлкөлөргө экономикалык контрол жүргүзүүгө умтулууда.

«Бул экомикалык согушка кытай элинин тиешеси жок. Кеп Си Цзиньпин башында турган авторитардык жетекчилик тууралуу болуп жатат» — дейт америкалык политолог Жеймс Фаррель The National Interest эл аралык саясий журналына берген маегинде.