Бразилияда дүйнөдө таажы вирусун жуктуруп алгандардын санынын көптүгү боюнча үчүнчү орунга чыкты. Акыркы сутка ичинде илдетти жуктургандардын рекорддук көрсөткүчү аныкталып, 20 миңдей жарандан инфекциянын бар экени тастыкталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Алар берген маалыматка ылайык, каза болгондордун саны сутка ичинде 888ди түздү. Буга чейин, бир күн мурда өлкөдө каза болгондордун саны 1 миң 179ге жеткени, бул сандар азырынча рекорддук көрсөткүч экени айтылган.

Учурда Бразилияда 291 миң 579 адам коронавирус илдетин жуктурган. Оорудан 116 миң 683 адам айыкса, каза болгондордун саны 18 миң 859га жеткен.