Пандемиядан улам Лондондогу атактуу Кембридж университетинде онлайн билим берүү 2021-жылдын жайына чейин улана турган болду. Дүйнөдөгү эң байыркы жана кадыр-барктуу университеттердин бири ушундай чечимге келген.

«Социалдык обочолонуу эрежесин сактоо талабы улана берчүдөй болуп турган шартта университет кийинки академиялык жылда жүзмө-жүз лекциялар болбойт деген чечимге келди. Лекциялар онлайн түрүндө уланат», — деп айтылат билдирүүдө.

Маалым болгондой, Кембридж университети быйыл март айында Британияда илдет күч алган учурда лекцияларды токтотуп, студенттерге онлайн режимде билим берүүгө өткөн.