Өлкөбүздө өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда ички иштер органдарынын кызматкерлери өз жумуштарын канчалык деңгээлде аткарды жана жугуштуу илдетти алдын алууда аткарылган иш-чаралар канчалык деңгээлде ишке ашырылды деген суроолор менен Чүй облусунун ИИББнын ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Асанов Ашыркул Рыспекович менен кыскача маек курдук.

Саламатсызбы Ашыркул мырза. Өзүңүз милицияда иштеген ардагер катары өзгөчө кырдаал учурунда иштеген ИИОнун кызматкерлерине кандай баа бере аласыз?

-Кыргыз Республикасында таажы вирусун алдын алуу максатында өлкө боюнча үстүбүздөгү жылдын 22-мартынан тарта өзгөчө кырдаал режими киргизилбедиби, анын негизинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкерлери өзгөчө кырдаал режиминин талаптарын сактоо үчүн коомдук жайларда эл көп топтолгон жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коомдук жайларда бет капсыз жүрбөө, өспүрүмдөр менен көчөдө себепсиз жүрүүнү убактылуу токтотуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп башташты. Эпидемияга байланыштуу өзгөчө кырдаал режими биздин өлкөгө алгачки ирээт киргизилип жаткандыктан дарыгерлердин берген кеңештери коомчулук үчүн маанилүү болуп, баарыбыз бет кап, антисептикалык каражаттарды ала баштадык. Ал эми милиция кызматкерлери бул кырдаалда өздөрүнүн кесипкөйлүгүн көрсөтүшүп, элибиздин саламаттыгы үчүн коомдук тартипти сактоодо, түшүндүрүү иштерин жогорку деңгээлде жүргүзүштү деп ишенимдүү айта алам. COVID-19 илдети менен күрөшүү үчүн көрүлгөн чаралар канчалык деңгээлде натыйжалуу болду деп ойлойсуз? Бул таажы вирусу жаны инфекциялардан болгондуктан аны алдын алууга карата дүйнөлүк колдонулган практикалар Кыргызстанда да жогорку деңгээлде жасалганга күбө боло алдык. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралар, алдын алуу жумуштар, жугуштуу илдеттин жайылышын алдын алууга чоң мүмкүнчүлүк болду. Алып карасак, салыштырмалуу орууну жуктургандардын саны жагынан, айыгып чыккандардын саны жагынан да тиешелүү кызматтар эң жакшы жумуштарды аткаргандыгынан кабар берет. COVID-19 илдетин алдын алуу иштеринде ИИОнун кызматкерлеринин жумушу мактоого татыктуу болду. Милиция ызматкерлери өздөрүнө бөлүнүп берилген санитардык-карантиндик посттордо күндүн ысык-суугуна, жаан-чачынга жана жааган кардын суугуна карабай өз милдеттерин мыкты аткарып жатышты.

-Ал эми өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимин коомчулук кандай кабыл алды деп ойлойсуз?

-Үстүбүздөгү жылдын 25-мартынан тарта өлкөбүздүн айрым шаарларына жана аймактарына өзгөчө абал режими киргизилгенден баштап, чектөөлөр күчөтүлдү да. Мында милиция кызматкерлерине чоң жоопкерчиликер жүктөлдү десек болот. Өзгөчө абал киргизилген аймакта кечкисин саат 20:00 дөн эртең мененки саат 07:00 гө чейинки убакытта милиция кызматкерлери себепсиз эрежелерди бузгандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп жатышты. Үйлөрүнө барбай, үй-бүлөсү менен телефон аркылуу байланышып иштеген кызматкерлер тууралуу жакшы пикирлер айтылып, кызматта турган учурда аларга ыраазычылык сөздөрүн айткан жарандарыбыз арбын болду. Ошондой эле таажы вирусун алдын алуу иштерин коомчулук да түшүнүү менен кабыл алышып, жугуштуу илдети биримдикте жеңүүгө мүмкүн экенине ынанышып, айтылган талаптарды мүмкүн болушунча аткарып жатышты. Элибиз бул илдеттин аркасында анча мынча маани берилбеген үй-бүлөлүк баалуулуктарга көңүл бурушуп, балдарды тарбиялоо, алардын окууларына көзөмөл кылуу жана убакытты туура пайдалануу зарылдыгын терең түшүнүштү.

-ИИОнун ардагерлери баардык окуяларга активдүү катышат эмеспи, өзгөчө кырдаал учурунда эмне менен алек болдуңуздар?

-Өзгөчө кырдаал учурунда Чүй облусунун ИИОнун ардагерлери да четте карап отурбай, милиция кызматкерлерине колдон келген жардамдарды көрсөтүп, аларга кеп кеңештерди айтып аткарып жаткан кызматтарга дем-күч берүү иштери уюштурулду десем болот. Айта кетсек, Жайыл районунун ИИБдүн ардагерлери өздөрүнүн демилгеси менен санитардык-карантиндик посттордо кызмат өтөп жатышкан кызматкерлердин жумуштарын түшүнүшүп, медициналык бет кап жана вирустан коргонуучу атайын кийимдерди сатып беришти. Мындай колдоо жугуштуу илдетке каршы биргелешкен аракеттер экени талашсыз. Ал эми мындай иш-чаралар Чүй облусунун баардык райондорунда ишке ашырылды. Бүгүнкү күнү ички иштер органдарынын кызматкерлери министрликтин жана жергиликтүү башкармалыктардын буйруктарын, көрсөтмөлөрүн так аткарышып, тиешелүү жумуштарды жогорку деңгээлде аткарышты жана мындан ары да аткара беришине толук ишенем. Кызматкерлерге кайрылууңуз. Өзүм жаштыгымды бүт ички иштер органдарында кызмат өтөөгө арнаган ардагер катары милиция тууралуу сын-пикир жана терс окуялар болсо жаным кейиген учурлар болот. Андыктан милиция кызматкерлерин мыйзам чегинде иш алып барууга чакырып кетмекчимин. Ал эми бүгүнкү жугуштуу илдеттен эртерээк арылып, өлкөбүздө өнүгүү өсүү болуп, ар бир мекендешибиз өзгөчө кырдаал учурунда алдыга койгон пландарын ишке ашырып, ийгиликтердин арбын жаралышына тилектешмин. Ошондой эле милиция кызматкерлеринин эл үчүн кылган ак кызматтарына ыраазычылык билдирип, аларга чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт таалай, иштерине ийгилик каалап, жай турмушта Кыргыз элине ак кызмат кылуусуна тилектештигимди билдирем.

Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы