Дүйнөнү кооптонткон коронавирус пандемиясынан жаралган коркунуч дагы деле бар, жакында COVID-19дун экинчи толкуну болушу мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Россиядагы өкүлү Мелита Вуйнович «Россия 24» телеканалына берген маегинде айтты.

«Карантиндик чектөөлөрдүн азайышы вирус мизин кайтарды дегенди түшүндүрбөйт. Эл коркунуч дагы деле бар экенин түшүнүшү керек. Биринчи толкун болгон жерлерде экинчиси дагы болушу мүмкүн экенин эскертип жатабыз», — деди Вуйнович.

Маалым болгондой, 21-майга карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 4 996 472ге жеттип, анын ичинде 328 115 жаран көз жумду.