Бир сутка ичинде өлкө боюнча Бишкек шаарында 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми стационарлардан 2 медкызматкер сакайып чыкты. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча маалымат берип жатып билдирди.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 270 учур катталды, алардын ичинен 223 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.