Канаданын кичинекей бир кыштагында жашаган жигит, көчөдө калган мышыкты багып алат. Күндөрдүн биринде Скотт тамак жасагандан эринип, жылыткыч мешке азыктарын салып жай отко коюп уктап кеткен.

Бир кезде мышыктын бетке чапкылаганынан чочуп ойгонот. Мышык аны ашканага алып кирет. Көрсө жылыткычтагы тамак түтөп күйүп баштаган болот. Бактыга жараша Скотт өзү өрттөнүп жаткан жылыткычты өчүргөнгө жетишет.

Мындай жакшылыгы үчүн мышыгын бир себет таттуулар менен сыйлайт.