Бишкек мэриясы дагы 7 парк курат

Борбордун көчөлөрүндө күнүнө эки жолу дезинфекция чаралары жүрүп жатат, ал үчүн 19 тоннадан ашык хлор керектелген. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Амантуровдун брифингинин жыйынтыгында билдирди. Ал ордо калаада шаар бийлиги тарабынан төмөнкүдөй иштер жүрүп жатат.

-1007 лифт жумасына эки жолу дезинфекцияланууда

-10 миңден ашык бак-дарак отургузуу пландалган, бүгүнкү күндө 8 миңден ашыгы отургузулду

-Бүгүнкү күндө 748 миң гүл көчөттөрү отургузулду

-20 км ирригациялык тармактардын курулушу пландалууда

-Мэриянын карамагында 374,62 га аянтты ээлеген 8 парк бар

-Жалпы аянты 59,91 га түзгөн 7 парктын курулушу пландалууда

-Велосипед үчүн 22,2 км жолдо курулуш иш-чаралары жүрүп жатат

-Көчөлөрдө 40 км жолдун төшөлүүсү жана 40 км тротуарлардын капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө

Бишкекти көрктөндүрүү иштеринин эрежелерин бузгандыгы үчүн жалпысынан 3,5 млн сомго 367 протокол түзүлдү