Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны беш миллиондон ашты, тагыраагы, 5 000 561 адам болду. Бул тууралуу Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борбору сайтына чыгарды.

Ага ылайык, вирус дүйнөдө 188 мамлекетти каптаган. Анын ичинен вирус көп катталган мамлекеттердин сап башында: АКШ (1,5 миллиондон ашык адам) Россия (308 миңден ашык), Бразилия (291 579), Улуу Британия (249 619), Испания (232 555) турат.

Маалым болгондой, таажы вирусу аныкталган бейтаптардын ичинен 328 миң киши каза болуп, 1 миллион 900 миң бейтап айыгып чыкканы айтылган.