– Асылбек Шарипович, бир тууган агаңыз Кыргыз Республикасынын Президенти болгону прессага чыгуу эмес, парламенттин жыйынында да көп сүйлөбөй калдыңыз. Мунун себеби неде?
– Агабыз мамлекетти жетектегенден кийин чоң жоопкерчилик мойнуңа жүктөлгөнүн сезет экенсиң. Биздин ар бир сүйлөгөн сөзүбүз, кыймыл-аракетибиз коомчулуктун көңүл борборунда турат. Мындан улам, жүрүм-турумубузду мурдагыдан дагы катуу көзөмөлдөп, кандайдыр бир деңгээлде өзүбүзгө чектөө киргизип калдык.
– Демек, саясаттан убактылуу четтеген турбайсызбы?
– Жок. Эл өкүлү катары мыйзам чыгаруучулук милдетимди аткарып, профилдик комитеттин жыйындарына активдүү катышып, шайлоочулар менен тыгыз иштешип жатам.
– Сооронбай Шарипович президенттик кызматка киришкенден тартып эл арасында сиздин дарегиңизге түрдүү кеп-сөздөр айтылып келет. Ага көнүп деле калгандайсыз. Бир да ирет тигил же бул сөздү бекемдеп, же төгүндөп билдирүү тарата элексиз. Унчукпаганыңыз – “баарына макулмун” дегендикке жатпайбы? Жакында парламентте кесиптешиңиз тарабынан: “2020-жылдын 12-мартында кичи ажылыктан кайткан кыргызстандыктардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков да болгонбу? Анын буйругу менен аэропорттон эч ким текшерилбептир. Ушул чынбы?” деген суроолор кабыргасынан коюлду. Ага да үн катпадыңыз. Чындап эле кичи ажылыкка барып келдиңиз беле?
– Мен Кудайга ишенген, буюрса динди бекем карманганга аракет кылган адаммын. Мусулманчылыкта көп учурда унчукпай коюу, сабырдуулук жеңиш алып келүүчү эң жакшы сапат болуп саналат. Сооронбай Шарипович президенттик кызматка киришкенден бери биз тууралуу, айрыкча менин дарегиме кандай гана сөздөр айтылбады. Элибиз өзү кимдин ким экенин билээрине ишенген инсан катары аларга жооп бериштин да кажети жок деп келгем. Сиз сурап калгандыктан жооп берейин. Мединадагы Мухаммед (САВ) пайгамбарыбыздын мечитинде жана Меккедеги ыйык Каабанын жанында намаз окуп, зыярат кылууну ар бирибизге насип кылсын. Мурда бир нече ирет зыярат кылгам. Бирок, 2019-жылы дагы, быйыл дагы Сауд Аравиясына барган жокмун. Кайсы бир маселе боюнча тийиштүү мекемелерге буйрук берүү менин ыйгарым укугума кирбейт. Муну расмий түрдө билдирем! “Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынына көп катышпай калды. Эмне кылып жүрөт?” деп кызыккандар болууда. Эл өкүлү катары кыйын кезенде – Ошто оору күчөп жаткан маалда, Рамазан айынын башында да шайлоочуларыбыздын жанында жүрүп, акыбалыбызга жараша жардам көрсөттүк. “Оң колундун бергенин сол колун билбесин” демекчи, буга чейин дагы мындай кайрымдуулук иштерди коомчулукка жарыялабай эле жасап келгенбиз. Дегеле башкалар тууралуу ушак тараткандарды, куру жалаа жапкандарды бактысыз адамдар деп эсептейм. Эки жылдан ашуун мезгилден бери президентке каршы күчтөр каралоо кампаниясын катуу жүргүзүштү. “Бул жерди президенттин жакындары алыптыр, Асылбек Жээнбеков бул курулушту куруп жатыптыр” сыяктуу айың кептерди тынбай жайылтып келишти. Мунун баары бизге маалым эле. Бир жолу жубайым уулум менен таксиде баратканда “Ынтымак” багы жаңыдан курулуп атканда анын тушунан таксист: “Ушул жерди Асылбек Жээнбеков басып алып, курулуш иштерин жүргүзүп жатыптыр” дептир. Ошондо жубайым күлүп: “Чоң эле киши экенсиз, кантип калп айтып жатасыз?” деп уяткарыптыр. “Асылбек Жээнбековдун кабинетинде жумушка кире тургандар кезекте турат” деген имиштерди айрым маалымат каражаттары жазышкан. Бүгүнкү күндө далил жок болгондуктан, ушак-айыңдар басаңдап калды. Мындайда убакыт, өзүңдүн жүрүм-турумуң, тазалыгың, түздүгүң акыры жеңет. Мезгил – улуу тараза. Акыйкаттык кайсы тарапта экени сөзсүз ачыкка чыгат.
– Маалымат каражаттары, көзкарандысыз эксперттер сизди бийликтеги негизги чечүүчү фигура катары сыпатташат. Мындай божомолдордо жан бардай. Парламенттин эки чакырылышында төрагалыкты аркалап, кезинде башкы оюнчулардын бири болуп келген тажрыйбалуу саясатчынын президенттин чечимдерине таасири тийсе керек?
– Буга чейинки президенттердин үй-бүлөсү, бир туугандары жана жакындары тууралуу ар кандай кептер айтылып келген. Алардын тагдыры бизге чоң сабак. Сооронбай Шарипович үчүн Кыргызстандын кызыкчылыгы, тарых алдындагы, эл алдындагы жоопкерчилиги баарынан жогору турарын билем.
– Жогорку Кеңештин эки чакырылышында төрагалык милдетти жакшы өтөдүңүз. Кантип эле агаңызга кеп-кеңешиңизди айтпайсыз?
– Мага чейин да, менден кийин дагы парламенттин жетекчилери болгон. Кимибиз кандай иштегенибизге эл тараза, тарых баасын берет. Учурда катардагы депутаттардын биримин. Дагы бир жолу кайталайм, биздин тарбиябыз, мүнөзүбүз, принцибибиз бири-бирибиздин ишибизге кийлигишүүгө жол бербейт. Ошондуктан, президенттин чечимдерине эч ким таасирин тийгизе албайт.
– Мурдагы өлкө жетекчиси Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары сизди “депутаттык мандатын тапшырсын” деген талапты коюшкан эле. Буга 2017-жылдагы президенттик шайлоонун астындагы “макулдашууну” негиз кылышкан. Ушул маселеге кеңири токтолсок. Ошол кезде, балким, коомчулукка ачык жарыяланбаган “келишим” болгондур?
– Негизи бул боюнча абдан көп сөз болду. Буга чейин Алмазбек Шаршенович тууралуу бир да жаман сүйлөгөн эмесмин. Бирок, сиз көтөргөн маселе боюнча жумшак айтканда – карандай калп. 2016-жылы спикерликти өткөрүп бергенден кийин Атамбаев өзү 3 жолу чакырып Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагалыгын сунуштаган. Мен 3 жолу тең баш тарткам. Анткени, өкмөттүн жылдык отчету алгач ушул комитетте каралат. Агам премьер-министр болсо андан кантип отчет алам? Эң акыркы жолу Атамбаев менен 2016-жылдын август айында жолуккам. Ошондон кийин Алмазбек Шаршенович менен да, анын өкүлдөрү менен да көрүшкөн эмесмин. Президенттик шайлоо 2017-жылы күзүндө өтүп жатса, мандат тууралуу убаданы бир жыл мурда кантип бермек элем?
– Бишкек ЖЭБин реконструкциялоодогу коррупциялык иштер боюнча сот өкүмү чыкты. Анда айыпталуучулардын адвокаты: “Экс-спикер катары Асылбек Жээнбековдун жоопкерчилиги дагы каралышы абзел”, – деп талап койгон. Бишкек ЖЭБи сындуу ири долбоорлордо парламенттин жана жеке өзүңүздүн ролуңузду кандай баалайсыз?
– Мен өз оюмду Бишкек ЖЭБине байланыштуу маселе Жогорку Кеңеште каралып жатканда кеңири, ачык айткам. Мага чейин спикер болгондор, ошол мезгилде тиешелүү комитетти жетектегендер, депутаттар да бул боюнча пикирлерин билдиришкен. Жогорку Кеңештин төрагасы маселени жалгыз өзү чечпейт, модератордун гана милдетин аткарат. Ал башка депутаттар сыяктуу жападан жалгыз добушка ээ. Кандай гана мыйзам долбоору болбосун, алгач парламенттин профилдик комитеттеринде жактырылып, андан кийин палатага чыгат. Парламент коллегиалдуу орган болгондуктан көпчүлүктүн добушу менен чечилет. Каныбек Капашович айткандай, Бишкек ЖЭБин курган компаниянын жетекчилиги менен ошогезде мамлекетти башкарып тургандар 3 жолу, ошол маселени чечүүгө түздөн түз катышкандар 18 ирет жолукса күнөөлүү эмес, кытайлык компаниянын башчылары менен жолукпай, өз милдетин мыйзам чегинде аткарган Жогорку Кеңеш күнөөлүү болуп чыга келеби? Бул акылга сыйбайт!
– Маалымат каражаттарынын бири сиздин иш бөлмөңүз өтө чоң аянтта жайгашканы тууралуу репортажын чагылдырган. Жанатан бери карасам, иш ордуңуз көпчүлүк депутаттардын иш бөлмөсүндөй эле экен. Төрагалыктан кеткенден кийин бул кабинетке кантип отуруп калдыңыз?
– (күлдү). Мен спикерликтен кеткен соң ошол кездеги фракциянын лидери Чыныбай Турсунбековдун кабинетине жайгашууну Атамбаев өзү сунуштаган. Кабинет өтө чоң, бардык шарттары менен болчу. Ошого карабастан, сунуштан баш тарткам. Азыркы иш бөлмөм өзүңүз байкагандай, өтө чоң эмес, кичинекей да эмес. Эмеректер мурдагылар эле, жаңысы жок.
– “Асылбек Шариповичтин Бишкекте 3-4 офиси бар экен, ал кадр маселелерин ошол жактан чечет турбайбы?” деген да суроолор жаралды эле. Буга не дейсиз?
– Бул дагы негизсиз. Менин Ак үйдө бир гана депутаттык кабинетим бар.
– Айрым маалымат каражаттары “Асылбек Жээнбеков мамлекеттик маанилүү маселелерге, кадрдык дайындоолорго аралашып, “серый кардиналга” айланыптыр. Жогорку Кеңешти көмүскөдө башкарып жатат. Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкаруу орноду” таризинде коңгуроо кагып жиберишкен. Ал эми акыркы мезгилде негедир сизге байланышкан кеп-сөздөр азайганын байкадым. Ушул жерден ачык сурайын: шайлоого катышасызбы? Эгер катышсаңыз, кайсы партия менен барасыз?
– Жогоруда кеңири токтолгонумдай, биз тууралуу ушактар, жалган жалаалар көп жүрдү. «Калптын өмүрү кыска» демекчи, убакыттын өтүшү менен алардын баары чындыкка коошпой турганы ашкереленди. Эми “Асылбек Жээнбеков жаңы партия түзүп жатыптыр. Аны жетектеп парламенттик шайлоого катышат экен” деген сөз тараптыр. Ушул жерден так кесе белгилеп кетейин: партия түзбөйм жана эч кандай партияны жетектебейм. Парламенттик шайлоонун өтөрүнө дагы убакыт бар. Бүгүнкү күндө эл өкүлчүлүк милдетимди так аткарышым зарыл, а калганы Кудайдын буюрганындай болот…
– “Бирөөнүн чөнтөгүн санаба” дейт. Ошентсе да, сизден ушул суроомо жооп уккум келди. Чоң саясатка ишкерликтен келгенсиз. Мурдагыга караганда байыдыңызбы?
– Кызык суроо экен (күлдү). Депутат болгондон кийин алгачкы ирет 2007-2008-жылга карата декларация толтургам. Ошондон бери мүлктөрүм көбөйгөн жок, тескерисинче, азайды. Кудайга шүгүр, өзүбүзгө жетишерлик оокатыбыз бар. “Барга көппөй, жокко чөкпөй” каниет кылып жашаганды билебиз.
– Сооронбай Шарипович менен күн сайын эле байланышат чыгарсыз? Эгер сыр болбосо кандай темада көбүрөөк сүйлөшөсүздөр?
– Президенттин жумушу өтө көп. Ал киши менен майрамдарда, үй-бүлөлүк карым-катыштарда гана кездешебиз. Андайда Сооронбай Шарипович менен жай турмуштун тегерегинде баарлашып, саясат, жумуш тууралуу кеп козгобогонго баарыбыз аракет кылабыз. Тилекке каршы, ишине байланыштуу көпчүлүк учурда катыша албай да калат.
– Маегибиздин соңунда сизге сөз…
– Маегибиздин өзөгүн мага байланышкан ушак-айыңдар түздү. Мага куру доомат артып, жалган жалаа жапкандардын жүрөгүндө абийир, ыйман оту жанганын Кудайдан тилейм. Туткан орозобуз кабыл болуп, тилеген аруу ой-максаттарыбыз жүзөгө ашсын. Дүйнө элин түмөн түйшүккө салган апаатты батыраак жеңели, жергебизде бакубат жашоо орносун. Жараткан өзү сүйүктүү Кыргызстаныбызды колдосун!
Маектешкен: Асланбек САРТБАЕВ
Булак: “Азия Ньюс”