Аталган эл аралык уюм тарабынан 2000 даана медициналык бет кап жана 2000 даана медициналык кол кап берилди. Белгилеп кетсек, Эл аралык Кызыл Крест комитети (ЭККК) — Швейцариянын Женева шаарында жайгашкан гуманитардык уюм. Коронавирус илдети чыгышы менен уюм гуманитардык жардам көрсөтүү ишмердүүлүгүнүн багытын өзгөртүүгө туура келди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

ЭККК мамлекеттик бийлик органдарына, анын ичинде Ички иштер миинистрлигине өз жардамын көрсөтүүсүн улантып келет. Бул оор учурда да четте калган жок. Республикабыздын аймактарында, чек аралаш жерлерде кызмат өтөгөн кызматкерлердин керектөөсүнө ылайык, тиешелүү каражаттар менен жардам көрсүтүп келет.

ЭКККнын өкүлдөрү мындан ары да, Кыргызстан менен болгон кызматтташтыкты бекемдөө максатында уюм тарабынан жардам көрсөтүү улантылат деп белгиледи.