АКШ Кытай менен болгон узак мөөнөттүү стратегиялык атаандаштыкты моюнга алат, ошондой эле кызыкчылыктар дал келип калган учурларда Америка конструктивдүү өз ара аракеттер үчүн ачык деп айтылат “Кытай Эл Республикасына карата АКШ стратегиялык кадамы” – деп аталган баяндамада.
АКШ президентинин администрациясы тарабынан конгрессмендерге сунушталган бул документте Улуттук коопсуздук стратегияларынын алкагында АКШнын Кытайга карата болгон жалпы мамлекеттик кадамы тууралуу сөз болот.
Баяндама боюнча Кытай менен болгон өз ара аракеттенүү боюнча америкалык кадам эки максатты көздөйт. Анын биринчиси – бул Пекин тараптан болгон чакырыктарга каршы туруу үчүн америкалык институттардын, альянстардын туруктуулугун жогорулатуу, ал эми экинчиси – бул Америка үчүн маанилүү делген кызыкчылыктарга кесепетин тийгизип жаткан Кытай аракеттерине бөгөт коюу.