Сыноо

Өмүрдө кээде мындайды жасай албаймын деген жагдайлар болуп турат. Бирок колуңан келди. Жасадың.

Башыңа күн түшкөндө, чече албасмын дедиң. Бирок кыйындыкты жеңдиң.

Сенден айрылганча, өлгөнүм артык деген адамың болды. Айрылдың. Өлбөдүң. Ал күн да артта калды.

Баштан кечкен кыйындыктын аркасында бүгүн сен мурункудан акылдуу, жигердүү, мол тажрыйбалуу, билимдүүсүң. Тар жол, тайгак кечүүдөн аман-эсен өттүң.

Албетте, алдыда дагы кыйынчылыктар кездешээр. Балким, азыр бир түйүндү чечүү менен алышып аткандырсың. Анда-санда артка карап — колумдан түк келбейт дегенде да баарын жеңгениңди эске түшүрүп тур.

Эске түшүргөн сайын өзүңө күмөн келтирүү бекер экенин ойлой бересиң. Өмүр алдыда канча сыноо менен сынаса да, сен баары бир алга карай кадам басасың.

Эң маңыздуусу — сен баары бир жеңесиң!

Shynar Ábilda
Которгон Б. Дүйшөбаева

***

Сатылбаган саат…

Бир киши көп жылдар бою байлык жыйнап, калган өмүрүн не ичемин, не жеймин, не киемин дебестен, токчулук менен барчылыкта өткөргүсү келет. Бирок, капысынан «өлүм сааты» келип калып, пландары орундалбай турган болуп калат. Баягы киши өлүмгө жалынып-жалбарынып, дагы да бир аз өмүр сүрүп туруусун суранат, бирок… өлүм укпайт.

— Мага жок дегенде үч күн убакыт берчи. Мен сага байлыгымдын жартысын берем,- деп жалынат. Өлүм үндөбөйт.

— Макул, бир гана күн берчи, бар байлыгымды беремин. Өлүм укпай тургандай.

Киши саналуу мүнөттөрдө мына бир катты гана жазып үлгүрөт: «Эгер сенде ылайыктуу өмүр сүрүүгө акча болсо, убактыңды байлыктын артынан кууп, бошко өткөзбө. Өмүр сүр! Менин байлыгым керек болсо бир саат убакытты сатып алууга да жетпеди.»

***

Илгериде бир береке даарыган, бирдиги бекем айыл болуптур. Ал айылдын тургундары дайым билбегендерин бир-биринен сурап, билгендерин жанындагыларга үйрөтүп, бири-бирин өтө сыйлап жашашат экен.
Күндөрдүн биринде ошол айылдын иттери бүтүндөй кырылып калат. Муну көргөн айыл эли ошол айылдагы даанышман карыяга барып, «мунун мааниси неде» деп сурашат. Аксакал аларга «бир жамандыктын бир жакшылыгы бар, мүмкүн мунун артында чоң сый турган чыгаар» деп жубатат.
Эртесинде айылдын бардык короздору кырылып калат. Буга таң калып чочулаган журт дагы баягы карыяга келишет. Аксакал бул жолу да сабырга чакырат. Андан кийинки күнү айылдын бардык оту жанбай өчүп калат. Бул чыны менен таң калаарлык иш болгону, бирок коңшу айылга жоо чаап келгенин уккан калк шашкандарын оттору өчкөнүн да унутуп калышат. Бул Алла Тааланын чексиз кудуреттүүлүгүнүн белгиси экен. Коңшу айылды чаап болгон жоо, эми бул айылга бет ала баштаган кезде эч кандай ит үрүп чыкпаган соң, короз кыйкырып, эч кандай жалын байкалбаган соң бул жердеги айылда адам жашабайт го деп ойлошуп, өз жолдору менен кете бериптир.
Ырасында, бир жамандыктын артында сөзсүз бир жакшылык бар. Болгону сабыр менен күтсөк болду.