Белгилүү болгондой, кечээ 21-майда документтердин жарактуу мөөнөтүн убактылуу узартууга уруксат берген өкмөттүн токтому чыккан. Ага ылайык, жарактуу мөөнөтү бүткөн паспорттор, 2020-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу деп табылат» деп айтылат.

КРдин Россиядагы элчилиги мекендештер паспортунун мөөнөтүн узарта алчу жайлардын даректерин жарыялады.

КРдин Россиядагы элчилиги, Москва шаары; Екатеринбург шаарындагы башкы консулдук; Новосибирск шаарындагы башкы консулдук;

Санкт-Петербург шаарындагы элчиликтин канцеляриясы; Красноярск шаарындагы элчиликтин канцеляриясы;

Владивосток шаарындагы элчиликтин канцеляриясы. «Документтер ушул гана мекемелерден узартылат. Кызмат көрсөтүү акысыз болот. Ички паспорту бар жарандарга дипөкүлчүлүктөрдөн документтин жасалма эмес экенин тастыктоочу маалымкат берилет», — деп айтылат маалыматта.

Ошону менен бирге, элчилик паспорттордун мөөнөтүн узартууга документ кабыл алуу 1-июнда башталаарын кошумчалады.