Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Салматтык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
• Бишкек ш. – 2
• Нарын ш. – 1
Ал эми стационарлардан 1 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 273 учур катталды, алардын ичинен 224 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.