Россиянын Оренбург облусунун Бузулук районунда турган 448 КР жараны Кыргызстанга келүү үчүн Россия-Казакстан чек арасынан өтүштү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги Кыргыз Республикасынын Оренбургдагы Ардактуу консулу менен биргеликте Россиянын жергиликтүү бийлик органдырынын кызматташуусу менен биздин жарандарды Бузулук районунан чек арадагы «Сагарчын – автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктуна чейин алып келүү маселесин иштеп чыгышкан.

Учурда Казакстандагы КР Элчилигинин кызматкерлери тарабынан кыргызстандыктарды КР Өкмөтү камсыздаган 9 автобуска отургузуу иштери аяктоодо, алар казак жол полициясынын коштоосунда бирдиктүү колонна болуп казак-кыргыз мамлекеттик чек арасы көздөй бет алышат.

КР жарандарын алып чыгып кетүү максатында Казакстандын аймагында транзиттик коридор уюштуруп берүү – Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын Президенти Касым-Жоомарт Токаевдин ортосунда жетишилген макулдашуулардын артынан мүмкүн болду.

КР ТИМ дагы бир ирет Россияда жүргөн кыргызстандыктарды Оренбург облусуна барбоого чакырат, анткени Россия-Казакстан мамлекеттик чек арасы дагы эле жабык бойдон калууда.