Америкалык миллиардерлер коронавирус пандемиясынын фонунда өз байлыктарын көбөйтүп алууга жетишти. Бул Americans for Tax Fairnessжана  Institute for Policy Studiesаналитикалык топтор тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында белгилүү болгон.

2020-жылдын 18-майынан тартып 19-майына чейинки мезгил аралыгында америкалык байлар жалпы жолунан 434 миллиард доллар пайда табышкан. Белгилей кетчү нерсе, үстүбүздөгү  жылдын март айында Америкада 614 миллиардер бар экендиги аныкталса, май айында алардын саны 630 адамга жеткен.

Пандемия учурунда эң көп байлык топтогондордун ана башында Amazon компаниясыны башчысы Джефф Безос турат (+34,6 миллиард  доллар), экинчи орун Facebook  сайтынын негиздөөчүсү Марк Цукербергге таандык (+25,3 миллиард), үчүнчү орунда Microsoft негиздөөчүсү  Билл Гейтс (+8 миллиард), андан соң Oracle негиздөөчүлөрүнүн бири Ларри Эллисон (+7 миллиард), жана Berkshire Hathaway жетекчиси  Уоррен Баффеттер (+564 миллион) бар.

Эске сала кетсек, буга чейин ММКлар Amazon компаниясыны башчысы Джефф Безос  2026-жылы дүйнө жүзүндөгү биринчи триллионер болору тууралуу жазып чыгышкан.