Тилекке каршы адамзаттын тарыхында кала турчу дагы бир кырсык АКШда катталды.  Катуу жааган жамгырдын айынан, Титтабаваси дарыясында жайгашкан эки дамба жарылып, Мичиган штатын суу каптап кетти. Суу Мидленд шаарын каптап, андагы 3500 үй толугу менен суу астында калды.

Жергиликтүү бийликтин билдиргенине караганда, учурдагы суу ташкыны, акыркы 500 жыл ичиндеги эң чоң суу каптоо болуп калды.

Аймакта өзгөчө абал жарыяланып, 10 миңдей адам эвакуацияланды.

Булак: Фабула.кг