112 ыкчам байланыш өлкөдө COVID-19 коронавирус инфекциясынын эпидемиясына байланыштуу киргизилген өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал учурунда жарандарга акысыз юридикалык консультация берилүүдө. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Мындай кызмат Кыргыз Республикасынын жарандарын жана чет элдик жарандарды өз убагында ыкчам жана сапаттуу укуктук колдоо менен камсыздоо максатында ишке ашырылып жатат. Долбоор ПРООНдун колдоосунда ишке берилди.

Акысыз юридикалык кеп-кеӊештерди орус, кыргыз жана англис тилдеринде “Жаӊы чечимдер” коомдук бирикмесинин квалификациялык юристтери көрсөтөт.

Ыкчам байланыштын убактысы: 08.00дөн 20.00гө чейин, жумасына 6 күн, жекшембиден сырткары.