Май айы болгон сайын, өзгөчө акыркы коңгуроо күнү тагдырымды башка нукка бурган окуя эсиме келе берет. Он биринчи класска көчүп окуу башталды. Окуунун экинчи жумасы башталып калган. Мектептин директору класска өзү менен келишимдүү жигитти ээрчитип кирип, тааныштырып баштады.

Урматтуу окуучулар, силердин класс жетекчиңер ооруп шаарга дарылануу үчүн кетти, мындан ары Нуржигит Акматов деген жаш агайыңар силерге класс жетекчиңер болот. Таанышып алгыла деп сыртка чыгып кетти. Директор чыгаары менен класстын ичи чуу болуп, кыздар сынап баштадык. Кирпиктери каштары кантет? Жашы канчада экен деп тийишип баштадык. Класстын президенти ким деди. Мен деп атып турдум. Журналды алып келчи деди. Мектепте жакшы окуйт элем. Жаш агай келгени окууну унуттум. Оюмдун баары агайда. Класстын эле эмес мектепке окуган чоң класстын кыздары бүт эле агай тууралуу кеп кылат ичимден байкатпай кызганам. Мезгил өтүп, агай менен жакын болуп кеттик. Ар кайсы шылтоону айтып сабактан соң жолугуп жүрдүк. Айылдын баары бизди сөз кылды. Ага да карабадым. Кыш өтүп, жаз келип, акыркы коңгуроого дайынданып баштадык.

25-май күнү бир классташымдын үйүнө отурмай болдук. Агайды да чакырдык. Жакшы сөздөр айтылып, келечек тууралуу ким кайда окууга бараарын айтып, агай болсо бизге акыл айтып отурду. Бир аздан соң бий башталды. Бийлеп жатып агай жүр кичине ары барып отуруп келели деп калды. Макул болдум. Калың бакты аралап басып жүрөбүз. Ай жарык, сыртта шаңдуу музыканы кыйкырыктар коштоп балдар кыздар бийлеп жатты. Экзамендер бүтсө агай мага үйлөнөйүн деген оюн айтты. Ийинимди кысып койдум. Окуучу дедим. Окуй бересиң деп койду. Бир кезде белимден бек кучактап өзүнө тартты. Ошентип намысымдан айрылып. Агайдын кучагында таң атты. Күндөр өтө берди. Экзамендер да бүттү.

Мен агай мага жуучу жиберет деп күтүп жаттым. Апам кошунанын үйүнө кеткен. Үйгө келип, тиги Нуржигит агайын үйлөнөт экен, апасы кошуна айылдан кыз таап сөйкө салып келиптир деди. Уккан кулагыма ишенбей эңгиреп калдым. Менчи, мен эмне болом. Башымды түркүн ой курчап алды. Шаарга окуйм деп болбой апамды көндүрүп, таэжемдин үйүнө кетип калдым. Шаарга келип, бөлөм менен окуу жайларды карап баштадым. Бир мезгилде жүрөгүм айланып, кускум келе баштады. Эч нерсе түшүнбөйм. Көрсө боюма бүтүп калыптыр. Апам келди айылдан. Ызы-чуу башталды. Акыры таэжем апама болду кызың эшикке чыкпайт төрөгөнгө чейин. Биринчисин алдырсак кийин төрөбөй калат деди. А баланы мен багып алам деди. Апам нике жок төрөлгөн баланы эмне кыласың, муунтуп өлтүрөм өз колум менен деп чыкты. Мен ыйлагандан башка эч нерсе кыла албадым. Боюмдагы жети ай болгондо ичим катуу ооруп, төрөтканага барсак баланын жүрөгү токтоп калыптыр. Курсагымды кесип баланы алды. Чүнчүп кеттим. Күндөр өтө берди. Айылга барганга жүрөк жок менде.

Ошентип ,Дордой базарында сатуучу болуп иштеп калдым. Бутка турдум. Чоңойдум дегендей. Бирок жигиттер менен сүйлөшүүдөн коркуп калыпмын. Азыр кудайга шүгүр үйү жайым, өзүмө жараша бизнесим бар, бирок жүрөктө өчпөгөн так калган.