Өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү Ак үйдүн алдына нааразычылыкка чыгышты. Катышуучулар Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкуловдун “өкмөттүк эмес уюмдар каржы булагы тууралуу маалымат берүүсү керек” деген демилгесине каршылыгын билдиришүүдө. Коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүүчү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов баштаган депутаттар тобу иштеп чыккан.

Ал быйыл март айында биринчи окууда жактырылган. Эгер мыйзам кабыл алынса коммерциялык эмес уюм жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчёт берип турууга милдеттүү болот. Бул талапты аткарбаса мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Эске салсак, бүгүн 22-майда Жогорку Кеңеште парламенттик угуу өтүп. Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев коммерциялык эмес уюмдардын мүчөлөрү саясий иштер менен алектенүүдө деген пикирин билдирген.