Бишкек шаардык ИИББы боюнча милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгынында, аталган башкармалыктын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери, Бишкек шаарынын мэриясынын, медицина жана салык кызматынын кызматкерлери менен биргеликте 2020-жылдын 25-майынан тартып шаар ичинде каттамга чыга турган жүргүнчүлөрдү ташыган шаардык транспорттук башкармалыктын көзөмөлүндөгү 43 фирманын жетекчилери жана айдоочулары менен жолугушуу өткөрүдү. Каттамга чыкканда кандай талаптар аткарылышы керек, илдеттин жайылуусуна жол бербеш үчүн кандай шарттарды түзүү керек экендиги тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Жолугушуунун жүрүшүндө COVID-19 илдетин таралышына жол бербөө максатында жүргүнчүлөрдү ташыган автобус, троллейбус жана кичи автобустардын айдоочулары илдеттин жайылып кетишине жол бербөө үчүн кандай шарттарды түзүш керек экендигин, жеке санитардык эрежелерди так сактап, бет кап жана кол кап кийип, ошол менен бирге жүргүнчүлөр менен аралыкты так сактоо сунушталды. Эрте менен каттамга чыгууда унаалардын техникалык абалын текшерүүдөн өткөрүү, айдоочулардын медициналык көзөмөлдөн өтүп турушун, ар бир каттамга чыгууда унаалардын ичин дизинфекциядан өткөрүп туруу, ошол менен бирге айдоочулар жол эрежесинин талаптарына ылайык документтерин: айдоочулук күбөлүк, автоунаанын техникалык катоо күбөлүгү, салык кызматынын алынган потентти жана башка тийиштүү документтери болуусун белгиледи.

Ошондой эле жүргүнчү ташуучу автоунаа таза, санитардык нормаларга жооп берүүсү шарт экендиги белгиленип, эгерде автоунанын техникалык кемчиликтери жана айдоочунун тиешелүү документтери жок болсо Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө көдексинин жана мыйзамдарынын негизинде чара көрүлөрү эскертилди. МККБнын Басма сөз кызматы