Коронавирус пандемиясы Йемен мамлекетин жер бетинен биротоло сүрүп салышы мүмкүн. БУУнун  Йемен мамлекеттиндеги качкындардын иштери боюнча агенттигинин башчысы Жан-Николя Бозе дээрлик беш жыл боюу жарандык согуш жүрүп келген бул өлкөнүн илдетке каршы турууга эч мүмкүнчүлүгү жок экендигин белгилеп өткөн.

Бозенин айтуусу боюнча өлкөдө коронавируска шектелгендердин саны саат сайын өсүүдө. Ошону менен бирге бул жерде дары-дармек, медициналык жабдуулар, ал тургай врачтар жетишпей жаткандыгы айтпаса да белгилүү.

Коронавируска чейин бул өлкөдө денге безгеги, малярия жана холера өңдүү оору көрсөткүчтөрү өтө жогору болгон. Калктын 80 пайызы гуманитардык жардамга муктаж. Бирок, пандемиядан улам Йемен мамлекети үчүн бөлүнүп келген каржылоо кескин кыскарып кеткен.