Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев быйылкы жылдын бюджетине киргизилип жаткан соңку өзгөртүүлөр тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, кечээ, 21-май күнү Жогорку Кеңеште быйылкы жылдын бюджетине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда каралды.

«Киреше бөлүгүн башындагы долбоорго салыштырмалуу 2,2 млрд сомго көбөйтүп жатабыз. Ошол эле учурда айрым чыгашалар ордуна келтирилди. Анын ичинде жергиликтүү бийлик органдарына 1 млрд сом өлчөмүндөгү трансферттер ордуна келтирип жатат. Алар аймактарды өнүктүрүү үчүн жумшалат. Андан тышкары Бишкек мэриясына 744 млн сом берилүүдө. Ал акча Бишкек шаарындагы мугалимдердин айлык маянасына жумшалат. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 75 млн сом кайрадан киргизилди. Ал гемодиализге багытталган каражаттар. Ошол эле учурда мурдагы кыскартуудан кийин спорт тармагына 74 сом берилет (Кыргызстандын атынан эл аралык мелдештерге катышуу, Олимпиадага лицензия алуу менен байланышкан чыгашалар)», — деди ал.

Ал чыгашаларды кыскартууларга карабастан бюджеттеги тартыштык көп азайбаганын билдирди.

«Баарына белгилүү болгондой, ал тартыштыкты толуктоо максатында эл аралык донорлордон каражат тартып келүүдөбүз. Ошол эле учурда сырткы жардамга таянбай, ички резервдерди, ички булактарды табуу боюнча иштер жүрүп жатат. Мисалы, алтын камтылган кен жана концентраттарына төлөм ченин көтөрүү боюнча, майнинг тармагынан салык алуу боюнча жана айрым мунай камтылган заттарга акциз киргизүү боюнча мыйзам долбоорлору иштелип чыгып, Жогорку Кеңешке киргизилди. Ал мыйзам долбоорлору кабыл алынса бюджетке кошумча 700-800 сом киреше түшөт», — деди ал.