Нарын облусунун Жумгал райондук аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жайгашкан госпиталда коронавирус аныкталган бейтаптарды караган медицина кызматкерлери ооруканада 9-май — Улуу Жеңиш күнүн майрамдашкан. Алардын бул окуясы видеого тартылып, ал социалдык тармактарга тарап кеткен. Учурда тасма боюнча ар кандай пикирлер айтылууда.

Аймактык кабарчыга маалым болгондой, госпиталга коронавирус аныкталган райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун директорунун жолдошу менен баласы жаткырылган. Аларды 1 дарыгер, 1 медайым карап, 1 кенже кызматкер кызмат кылып жаткан. Иш учурунда тартылган видеодон медицина кызматкерлери дасторкон жайып отурушканын жана ичимдик ичип, каалоо-тилектерин кесиптештерине жолдоп жатышканын көрүүгө болот. Ошондой эле видеодон бутка кийиле турган бахиланы башына кийип алганы көрүнгөн.

https://www.youtube.com/watch?v=zU70aEX_kas&feature=emb_logo

Оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Салтанат Султанованын айтымында, аталган кызматкерлердин бири оорукананын соматика (терапия) бөлүмүнүн башчысы С.Б. болсо, жанында отурган медайым Н.Ж. жана кенже кызматкер Д.к.М. болгон.

«Бул маселени алар обсервациядан чыккандан кийин карайбыз. Алар 28-майда чыгышат. Кесиптештерибиз коронавирус менен ооруган кишилерди дарылашкан. Акыркы болуп келген бейтаптын абалы оор болгондуктан кардиолог, терапевт катары бөлүм башчыны киргизген элек. Бир тасма булардын жасаган бүтүндөй ишин жууп кетти. Биздин аткарган жумушубузду төгүп, чайкап салды. «Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк» болбойт экен. Дарыгер 38 жылдан бери эмгектенип келсе, медайымыбыз 22 жылдан бери иштейт. Эми обсервациядан чыккан соң укуктук баа берилсе керек. Аны мезгил көрсөтөр», — деди Султанова.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Нарын облусундагы координатору Мурат Алиаскаров бул обсервациянын ичинде болгон окуя экенин ырастады.

«Жумгалдагы окуя боюнча медицина кызматкерлери обсервациядан чыккандан кийин сүйлөшөм. Алар азыр обсервацияда, кире албайбыз», — деди ал.

Жумгал райондук прокуратура бул окуяны көзөмөлгө алган. Түзүмдүн маалыматына караганда, ушул тапта текшерүү иштери жүрүп жатат. Андан кийин чара көрүлөт.

Ал эми Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Адыл Сапаров укук коргоо органдары ишти карап жатканын белгиледи.

«Бул медкызматкерлер боюнча ызы-чуу болуп бүттү. Азыр укук коргоо органдары ишти карап жатат. Укуктук бааны алар берет. Эми тергөө иши ачылганы жатат. Болгону жыйынтыкты күтөбүз», — деди Сапаров.

Булак: Турмуш сайты