Татарстан республикасы үй жаныбарларынан коронавируска карата тест алууга боло тургандыгы жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалым болгондой, жаныбардын ээси Татар аймактар аралык ветеринардык лабораториясына чалса, ветеринарлар үйгө келип анализ алып кетишет.

«Эгерде үй жаныбары коронавирус илдетине чалдыккан ээси менен байланышта болгон болсо же анда оорунун белгилери — мурун бүтүү, дем алуусунун кыйындашы, жөтөл, ичеги-карын оорулары байкалса жаныбардын ээси ветеринар чакыра алат. Мындай анализдин баасы 1365 рубль», — деп жазат маалымат каражаттары.

Белгилүү болгондой, Татарстан жаныбарларга карата «Федералдык жаныбарлардын саламаттыгын коргоо борбору» иштеп чыккан тест-ситемди пайдалануу менен анализ алышат.