Ош облусунун Кара-Суу районунда 22-май күнүПапан айыл аймагына караштуу Папан суу сактагычына 1998-жылы туулган эркек киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.

Жерине ӨКМнин Ош облустук башкармалыгынан ыкчам топ жана КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары тартылып, издөө иштерин жүргүзүшкөн.

23-май күнү саат 06:00дө издөө иштери улантылып саат 07:30да маркумдун жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүп беришкен.