22-май күнү Жети-Өгүз районунун прокурорунун улук жардамчысы 150 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 38 жаштагы прокурордун жардамчысы арыздануучунун уулуна карата козголгон кылмыш иши боюнча жеңилдетилген чечим чыгаруу үчүн 2000 АКШ долларын сураган.

Бул факты «пара талап кылуу» беренеси менен катталды. Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.Тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: process.kg