Ош облусунун Ноокат районунда акимдин демилгеси менен эл көп чогулган жайларга, соода түйүндөрүндө, базарларда , көчөдө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, саламаттыкты сактоо кызматкерлери, элдик активисттер биргеликте «Ден соолук жоопкерчилиги өзүбүздүн колубузда» акциясын башташты. Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматынан билдиришти.

Анда жарандарга беткап кийип, анитсептик колдонуу, социалдык аралыкты сактоо маанисин түшүндүрүп, акысыз беткап, антисептик, мээлей таратылууда. Элдин кабыл алуусу жакшы.
Ноокат районунда 2020-жылдын 19-мартында Ош облусунун аймагында алгачкы болуп таажы илдети катталган жана башка райондорго караганда ооругандардын жогору болгон. Аталган демилге башка райондордо да улантылат.

Эскерте кетсек, облус жетекчиси Узарбек Жылкыбаев ЭлТР МТРК сы аркылуу түз эфир учурунда Ош облусунун аймагында беткап кийбегени үчүн жаза берилбей тургандыгын жана элдин маданиятына ишеним артарын билдирип, кайрылуу жасаган эле.